Таш-Кордо
үйңүзгө жеткирүү

Сиздин ардактуу конокторңуз үчүн козунун бал-ширин эти

Эмнеге Таш-Кордо?

Козунун салмагы:
16-21 кг.

Канча кишиге тартылат:
12-25 адамга

Козу грилден айырмасы:
Биз жыгач отто жасайбыз
Байыркы ыкма менен

Бонус:
жеткирүү бекер
жиликтөө бекер


Таш-Кордо - байыркы кыргыз мергенчилеринин жакшы коргон тамагы.

Анын өзгөчөлүгү даярдоо учурунда эч кандай идиш-аяк колдонулбагандыгында. Байыркы технология боюнча илгерки мергенчилер тереңдиги жана кеңдиги 1 метр болгон чуңкур казып, чекелерине таштарды тизип, отундарды коюп, очокту даярдап алышкан. Очоктогу чок даяр болгондо, анын устуно атып алган кийигинин этин таштуу ысык чуңкурга думбалап же ысык ташка кактап, жешкен. Таш-Кордо даамдуу болуш үчүн, этти бир күн мурда туз жана сарымсак менен ширетип алышкан. Ысык буу очоктон чыгып кетпеш үчүн очокту сөзсүз түрдө бутак же жаныбардын териси менен бекем жаап, үстүн топурак менен жабышкан.

«Байбол» этно-чайхана кыргыздын байыркы улуттук салттарын жандандырат! Бишкек шаарыбызда азыркы убакта ар бир каалоочу Таш-Кордого буйрутма бере алат. Биздин ашпозчуларыбыз бул тамакты байыркы салттуу ыкма менен жаш козунун этин, ар кандай даамдуу гарнир жана соустары менен даярдап беришет. Азыркы убакта куурулуп даярдалып жаткан эттин бири да тен келбеген даамдуу Таш-Кордонун даамы сизди жана конокторуңузду кайдыгер калтырбайт! Даярдоонун чеберчилиги менен биз 10-жылдан бери улуттук тамак сүйүүчүлөрүн кубандырып келе жатабыз! Бишкекте Таш-Кордого буйрутманы азыр бериңиз!


Жеткирип берүү жана төлөм

Буйрутма

Таш-Кордого тапшырык 1 күн мурун таризделет.

Төлөм

Алдын-ала төлөө тапшырыктын 30% камтыйт, жана төмөнкү жолдор аркылуу төлонсо болот: онлайн, терминалдардан, жана накталай.

Жеткизип берүү

Бишкек шаары ичинде жеткирип берүү акысыз, шаардын сыртына жеткирүү атайын тариф менен.